Бишкекте батирден 73 жаштагы кишинин сөөгү табылды

Бишкектин 7-кичи районундагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринен 73 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Маркум байланышка чыкпай калганы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бүгүн саат 15:12 чамасында түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, бекилип калган эшигин ачышканда батирдин ичинен 73 жаштагы В.С. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылды. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин маалымдашты министрликтен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан