20-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 493 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бүгүн, 20-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 593 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 181 метр куб, агып чыгышы 501 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2020-жылдын 20-декабрында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 831 миллион метр кубду түзгөн.