Жалал-Абад облусунда күйүүчү май ташыган унаа тосмону сүзүп жолду тосуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Алдын ала маалымат боюнча Бишкек-Ош унаа жолунун 409-чакырымында Беке-Чал тилкесинде МAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жол четиндеги тосмону сүзүп, жолду тосуп калган. Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 4 куткаруучу тартылып жеринде иш алып барышууда", - деп билдирди ӨКМ.
Учурда башка унаалар өтүп жатат.