Жоюлуп кеткен Финполдун мурдагы жетекчиси жана Октябрь окуясынын активдүү катышуучуларынын бири Сыймык Жапыкеев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. Ал кайрылуусунда учурда үйүндө эле болуп жатканын билдирген.
"Фейсбукта, Инстаграмда мени издегендер көбөйдү. Кайда жүрөт? Эмне чыкпайт дегендер көп. А мен болсо элди ойготуп коюп эми өзүм уктадым. Ушинтип эле көрүнбөй үйдө отурам", - деп жазып, тамашалуу сүрөт жүктөдү Жапыкеев.
Эске сала кетсек, Сыймык Жапыкеев ушул жылдын ноябрь айында Мелис Аспеков боюнча өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, маалымат айдыңына чыккан.