Каратэ-до боюнча улуттук курама команда Азия чемпиондугунда 9 медаль утту. Кимдер? (тизме)

18-декабрдан бери Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн каратэ-до боюнча курама командасынын мүчөлөрү 9 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.

Кадеттер арасында:

Турсунбаева Канышай (47 кг, күмүш байге);

Элнура Ибраимова (+54 кг, );

Худайбердиев Даниел (52 кг);

Адамалиев Михаил (63 кг, бардыгы коло байге).

Өспүрүмдөр арасында:

Айсаева Умида (48 кг, алтын байге);

Эсенкулова Сезим (53 кг, коло байге).

Жаштар арасында (U21):

Ольга Мальцева (+68 кг, алтын байге);

Нурланбек уулу Калыс (67 кг, коло байге);

Нурланов Назим (75 кг, коло байге).

Белгилей кетсек, спортчуларды башкы машыктыруучу Бакыт Дүйшеев жетектеп барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akmanai
2021-12-21 02:24:28
Азаматсынар алгырлар. Жениш учун рахмат силерге, ата-эненерге жана машыктыруучуларынарга!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан