Депутат Садиков электр менен иштөөчү автобустар келсе жол кире арзандашы керектигин айтты

Депутат Улугбек Садиков электр менен иштөөчү автобустар келсе жол кире арзандашы керектигин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 20-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Вице-мэр Таалайбек Орозов жол кире наркы өзгөрбөй турганын айтты.

Садиков: "Бул туура эмес. Элдин акчасына чыгымы аз автобустар алынып жаткандан кийин, жол киреси да арзандатылышы керек”, - деди.

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда “Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору боюнча гранттык жана насыялык макулдашуулардын долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган Бишкек шаарынын вице-мэри Таалайбек Орозов белгилегендей, аталган макулдашуунун алкагында 25 миллион доллар жеңилдетилген насыя, ошондой эле атайын каражаттардын эсебинен 25 миллион 650 миң доллар өлчөмүндө грант бөлүү каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан