Бүгүн, 21-декабрда Бишкекте күйүүчү май сакталган жайдан өрт чыкты. Учурда өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, штаб, ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана ИИМдин кызматкерлери тартылды. Жерине Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев дагы келди.
SUPER.KG порталы өрттөн кийинки сүрөттөр топтомун сунуштайт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Темирязев жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү май сакталган жайдан өрт чыкканын билдиришкен.