Бүгүн, 21-декабрга карата республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдети 51 адамдан аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикалык маалыматына ылайык, соңку суткада Талас, Нарын облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.
Бишкек шаары – 14;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 16;
Ош облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 9;
Баткен облусу – 3.
Пандемия башталгандан бери жалпы 184 миң 269 адамдан коронавирус илдети аныкталды.