Чүй облусунда жарандардан акча алып изин жашырып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө алдамчылык фактысы боюнча ар кандай жарандардан 10дой арыз катталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, өзүн Фархад деп тааныштырган адам ар кандай шылтоолор менен жарандардын ишенимине кирип, алардан акча алып жүргөн. Шектүү жабырлануучулардан 33 миң сомдон 19 миң долларга чейинки суммадагы акчаларды алган.
Учурда келтирилген зыяндын жалпы суммасы аныкталып жатат. Ал алган акчасын кайтарып бербей, из жашырып кеткен.
Бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогорудагы фактыларга тиешеси бар делинип 36 жаштагы К.Р. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган.
Урматтуу жарандар! Эгерде жогорудагы жарандан жапа чеккен болсоңуз, анда Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө же 0 701 45-55-94, 0 550 33-65-80 телефондор аркылуу кабарлаңыз.