Өлкөдө коронавирустун кайсы штаммы менен ооругандар басымдуулук кылары белгилүү болду

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы COVID-19 коронавирусунун толук геномунун секвенирлөө жана терең филогенетикалык изилдөө боюнча кеңешме болуп өттү. Анда Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин лабораториялык изилдөө борборунун жетекчиси бүгүнкү күндө өлкөдө мутацияланган Индиянын дельта штаммы басымдуулук кыларын, ал эми жаңы омикрон штаммы аныкталбаганын белгиледи.

"Пандемиянын башында COVID-19дун А варианты тараган болсо, эки жыл ичинде вирустун өзгөрүү жөндөмдүүлүгүнөн улам жаңы мутацияланган варианттар пайда болгон, мисалы Индия, Түштүк Африка, Британия жана башкалар. Жакында эле дүйнөнүн 85 өлкөсүндө катталган омикрон деп аталган дагы бир жаңы штаммы пайда болду. Биздин республиканын аймагында кайсы штаммдар бар экенин аныктоо үчүн биоматериалдарды Орусиянын "Вектор" вирусология жана биотехнология мамлекеттик илимий борборуна жөнөтчүбүз", - дейт министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун акыркы изилдөөлөрү көрсөткөндөй, омикрон штаммы толук айыга электерде да пайда болушу мүмкүн. Андыктан аралыкты сактоо, бет кап тагынуу жана жеке гигиенаны сактоо сыяктуу эң жөнөкөй профилактикалык чараларды көрүү өтө маанилүү экени белгиленди кеңешмеде.

Кеңешмеге президенттин администрациясынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан