Бишкек-Торугарт жолундагы автокырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 18-ноябрда
Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Мерседес Бенц Спринтер унаасын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун 36 жаштагы тургуну А.А., ал эми Хонда Аккорд унаасын Ысык-Көл облусунун 28 жаштагы тургуну Ж.А. башкарып бара жаткан. Кырсыктан 8 адам каза таап, 23 адам жаракат алган. Алардын ичинен 4 адамдын аты тактала элек болчу, Чүй ОИИБи алардын өздүгү такталганын билдирди.
1.Канатбек уулу Ислам, 2008-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл облусунун жашоочусу.
2.Клепов Николай, 1990-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл облусунун жашоочусу.
3.Курманбек уулу Кубатбек, 1992-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл облусунун
жашоочусу.
4.Жатканбаева Гүлзат, 1976-жылы төрөлгөн. Бишкек шаарынын
жашоочусу.
Катталган жол кырсыгы боюнча Кемин РИИБинин тергөө бөлүмү иштөөдө.