Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эл алдына сол көзү көгөргөн абалда чыкты. Министрдин бул абалын көргөндөн кийин эмне болгон дегендер көбөйдү. Бул собол менен Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, Алымкадыр Бейшеналиевдин көк ала болгону туурасында эч кандай комментарий берилбей турганын билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин министр көзү көгөргөн абалда Ала-Тоо 24 телеканалына коронавирустун жаңы штаммынын коркунучу тууралуу комментарий берген. Кийинчерээк Ала-Тоо 24 каналында анын катышуусундагы видео өчүрүлүп, андан кийин жаңысы жүктөлгөн. Бирок анда Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусундагы кадр алынган.