Кыргыз жараны Эрнест Хемингуэй атындагы эл аралык сыйлыгынын номинанттарынын катарына кирди

"Новый свет" журналынын версиясы боюнча Эрнест Хемингуэй атындагы эл аралык адабий сыйлыгына номинанттар белгилүү болду. Бул тууралуу журналдын расмий сайтында жазылган.

Маалыматка ылайык, номинанттардын бири Кыргыз жараны Диана Светличная болду. Светличная Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Кыргыз-Орус Славян университетинин журналистика кафедрасында сабак берет.

Эрнест Хемингуэй сыйлыгы - орус тилдүү авторлорду колдоо максатында түзүлгөн эл аралык адабий сыйлык. Сыйлык 2015-жылы Канадада белгилүү канадалык "Litsvet" басма үйү тарабынан негизделген.

Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө Эрнест Хемингуэй адабий сыйлыгынын лауреаты медалынын жана дипломунун түп нускасы ыйгарылат. Адатта, сыйлыктын жыйынтыгы боюнча уюштуруучулар жеңүүчүлөрдүн китептери тууралуу телеберүүлөрдү жасашат. Белгиленгендей, лауреаттардын ысымдары 2022-жылдын январь айынын ортосунда белгилүү болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан