"Таштанды да керектелет". Бишкекте желимди кайра иштетүүчү ишкана иштеп баштады (сүрөт)

Бишкекте желимди кайра иштетүүчү ишкана ишке кирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, желимди кайра иштетүүчү заводду «Begreen Бишкек Экология» компаниясы ишке киргизүүдө. Ишкана желим чогултуудан баштап, синтепон буюмдарды даярдап чыгарып, кайра иштетүү боюнча толук кандуу иш жүргүзөт.

Ишкананын ачылышына мэриянын жана «Begreen Бишкек Экология» компаниясынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышкан.

Ошондой эле аталган компания борбор калаага 530 экологиялык таштанды челектерди орноткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
BISHKEK-312
2021-12-21 11:40:46
Кут курулуш компаниясы эл үчүн эркекче иштеп жатат.
+2
Tursunbaev1978
2021-12-21 13:05:41
Жакшы жаңылык,эми таштандыны кайра иштетүүчү заводторду куруу керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан