"Кана балдарым, ким ыр айтып берет?". Бишкекте троллейбустун кичинекей жүргүнчүлөрү аяз ата менен аяз кыздан белек алышты

Бишкектеги троллейбустардын сапарын аяз ата менен аяз кыз коштоп, жүргүнчүлөргө Жаңы жылдык маанай тартуулашат. Мындай акция калаа башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Бишкек шаардык мэриясынан белгилешкендей, №11 троллейбустун жүргүнчүлөрү ыр, бийлерге күбө болушуп, сынактар уюштурулду. Балдар кубануу менен ыр саптарын айтып, таттуу белектерге ээ болушту, ал эми чоңдор адаттан тыш жүргүнчүлөр менен эсте каларлык сүрөткө түшүштү.

"25-декабрдан тарта Жаңы жылдык "каармандар" автобустун жүргүнчүлөрүнүн көңүлүн көтөрөт. Белгилей кетсек, Жаңы жылдык башкы сыйкырчы жана анын жардамчысы менен майрамдык транспорт 31-декабрга чейин жүрөт", - дешет мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alimbek94
2021-12-21 11:50:48
Эң сонун мыкты экен. Кичинекей балдардын көңүлүн ушинтип көтөрүп туралык. Келе жаткан Жаңы жыл жакшылыкты алып келсин
0
suban78
2021-12-22 04:05:58
Азаматсынар уюштуруучулар. Жаш балдардын эсинде омур бою калат да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан