
Бишкекте Жибек Жолу Тимирязев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү-майлоочу май сактоочу кампадан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, өрт саат 10:51де толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок.
Эскерте кетсек, жалпы өрттү өчүрүүгө ӨКМнын 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, 1 суу ташуучу унаа, штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучусу. Мындан сырткары ИИМ, "Тез жардам" жана РЭТ кызматкерлери тартылган.
Өрттүн жалпы аянты, материалдык чыгымдары жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.