Көзү көгөргөн Алымкадыр Бейшеналиев: "Мени эч ким сабай албайт, мен баарын сабайм"

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эл алдына сол көзү көгөргөн абалда чыкты.

SUPER.KG порталы министр менен байланышканда, көзүнүн көгөрүшү боюнча түшүндүрдү.

"Тоонун башынан 2 метрлик балатыларды алып келип "Алтын балалыкка" тигип жатабыз. Өйдө жактан балатыны сүйрөп келе жатканда томолонуп келип бизди басып калды. "Алтын балалыкка" барып жардам берип жатам. Журналисттерди дагы чакырам. Силерди дагы басып калат. Силер болсо иштей албай калдык, оорудум деп жатып аласыңар. Мен анткен жокмун. Иштеп жатам", - деди ал.

Аны айрымдар спирт ичимдигин ичип алып, бирөө менен мушташкан деп сындап жатышат. Бул боюнча ал төмөндөгүдөй жооп берди.

"Биринчиден, мен спирт ичимдигин ичпейм. Экинчиден, мени сабай турган киши жок. Кыргыз мамлекетинен мени сабай турган бирөөнү көрсөтчү. Мен баарын сабайм. Мени бирөөлөр сабай албайт", - дейт министр.

Камчыбек Ташиев кызматынан кеттиби?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-12-21 12:09:20
бул киши качан эле иштен кетиш керек эле кетпей журотко дагын 3 жыл министир болотко дейм
+6
basyz-kaman
2021-12-21 12:25:11
Мен баарын сабайм дегени жакты
+2
Palpa
2021-12-21 12:37:32
Жакшы бизден дагы Хабиб чыгыптыр
+1
bond02
2021-12-21 12:53:41
Садырдын ишенгени го
+3
Tursunbaev1978
2021-12-21 12:56:57
Бул министр,баягы уялчаак депутатко окшоп балп эттирип коётко,кыйратпайт бул
+1
Dembele84
2021-12-21 13:13:32
Баарын сабасан Садырга телохранитель эле болуп ал.Министрликти бошотуп бер клоун болбой
+1
AntiradikaI6
2021-12-21 13:22:35
Мыктыны мыкты деш керек!!!
-4
AntiradikaI6
2021-12-21 13:22:47
Жакшы иштеп жатканды ушинтип кыргыздар көрө албайбыз!!!
-2
Nina.alex
2021-12-21 14:17:30
Балаты да чыдабай калып чаап жиберип тир да
+9
aliya-leyla
2021-12-21 14:34:31
ушул сөз, министр айта турган сөзбү эми
+9
KBD1987
2021-12-21 14:52:05
Негизи тоодон балаты кеткенге министр мырзага экологтор уруксат бергенго менимче. Шылтоону да карап айтса жарашыктуурак кылып.
+9
forever88
2021-12-21 17:05:31
АШАнын эрке баласы шофер болсо, Садырдын эрке баласы аконит болду го
+5
CAPATAH
2021-12-21 22:07:10
Ашкере актануу жалгандын алгачкы белгиси.
+2
algakaray
2021-12-22 03:01:35
Таяк жесе жедим деп эле айтпайбы жашырганда эмне?
+1
Kolyaa
2021-12-22 04:22:47
Баарын сабайм дейтго чычкак. Колу, буту жок арчадан таяк жеп олтурасынго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан