Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Маркумдун сөөгүн Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери табышканын Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-декабрда саат 15:50дө Лейлек РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Тажикстандын Овчу-Калача айылы менен Баткендин Интернационал айылынын ортосундагы Козубаглан каналынан саат 12:30 чамасында белгисиз адамдын жансыз денеси табылганы кабарланган.

"Бул факты каттоого алынып, Лейлек райондук соттук медициналык бюронун эксперти менен биргеликте жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, эч кандай зомбулуктун белгилери аныкталган эмес. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө маркум Кыргыз жараны, Интернационал айылынын тургуну экени аныкталды. Учурда жансыз денеге соттук медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
-FREEDOM-
2021-12-21 12:40:58
Комулуп буттуго супер. Неге кечигип журосунор?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан