Дастан Бекешев: "Жаңы салык кодекси боюнча банктан эсеп ачууга атайын тастыктама керек болот"

Жаңы салык кодекси боюнча банктан эсеп ачтыруу үчүн атайын салык кызматынан маалымкат керек болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда Жогорку Кеңеште Жаңы салык кодекси каралып жатат жана 1-январдан тартып ишке кирүүсү пландалууда.

Эл өкүлү жазгандай, бирок анда кемчиликтер абдан көп. Мисал катары Жаңы салык кодекси боюнча, банктан эсеп ачтыруу үчүн атайын салык кызматынан маалымкат керек болорун жазган.

“2022-жылдын 1-январынан тартып, банкта эсеп ачкысы келгендердин баарында салык төлөөчү катары тастыктамасы болуусу керек. Тактап айтканда, банкта эсеп ачкысы келген жарандарды салык кызматына барып келүүсүн өтүнүшөт, ал жакта узун кезекке туруп, эгер жолу болсо ошол күнү ал адам салык төлөөчү экенин тастыктаган маалымкатты ала алат”, - деп жазган депутат.

Дастан Бекешев мындай катачылыктарды VI чакырылыштын депутаттары оңдоп кетүүгө жетишет деп үмүттөнүп жатканын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TIMON_BERKOWITZ
2021-12-21 14:26:52
Көп суроолор бар, жакшылап ойлонуп түздөп чыгыш керек. Срочно десе эле как попало өткөзө бербей. Мисалы налоговый органды прокуратурага окшотуп дело возбуждать эттирип койду, демек коррупция гүлдөп өнүгө турган орган болуп калды. Эртең, среда күнү депутаттар акыл калчап, доработкага жөнөтөт деген үмүттөмүн.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан