Күйүүчү май сактоочу жайдагы өрт. Бишкек мэри кампаны ачууга уруксат берген аткаминерлерге баа берүүнү тапшырды

Бүгүн, 21-декабрда Бишкектеги Темирязев жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү май сакталган жайдан өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, штаб, ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана ИИМдин кызматкерлери тартылып, саат 10:51де толук өчүрүлдү.

Кырсык болгон жерге Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев дагы келген. Андан кийин калаа башчысы жыйын өткөрүп, өрт чыккан кампанын ээлерине уруксат берген аткаминерлерге укуктук баа берүүнү тапшырды.

"Жыйындын жыйынтыгында мэр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына жана Биринчи Май райондук прокуратурасына аталган кампанын ээси болгон "Триумф клуб" жоопкерчилиги чектелген коомго уруксат кагазын берген адамдарга юридикалык баа берүүнү тапшырды.

Ошондой эле Бишкек шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча өрткө каршы инспекциясына өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген чарбакер субъекттердин реестрин даярдоо тапшырмасы берилди", - дешти мэриянын маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан