Кечээ, 20-декабрь күнү ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы Исламбек Кенжекулов 33 миллион 946 миң сом өлчөмдөгү акчаны мыйзамсыз пайдаланган деген шек менен кармалган.
Өмүр баяны:
Кенжекулов Исламбек Абдирашитович 1968-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында туулган. 1995-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. 2010-жылы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн академиясын аяктаган.
Эмгек жолу:
- 1986-жылы - жоокер;
- 1997-1998-жылдары - ИИМдин Ички аскерлеринин автомобиль взводунун командири;
- 1998-1999-жылдары - ИИМдин Ички аскерлеринин рота командиринин орун басары;
- 1999-2000-жылдары - ИИМдин Ички аскерлеринин патрулдук ротасынын командири;
- 2000-2001-жылдары - ИИМдин Ички аскерлеринин кызмат боюнча командиринин орун басары;
- 2001-2002-жылдары - атайын багыттагы ротанын командири;
- 2002-жылы - атайын багыттагы отряддын командиринин биринчи орун басары;
- 2005-жылы - ИИМдин Ички аскерлеринин батальон командири;
- 2005-2006-жылдары - ИИМдин Ички аскерлеринин аскердик даярдык кызматынын улук офицери.
Кенжекулов ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы кызматына 2019-жылдын мартында ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен дайындалган. Ага чейин Улуттук гвардиянын командиринин орун басары кызматын аркалап келген.