Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан учурда “Экстремизм” аттуу рейд жүрүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Суу районунун 33 жаштагы А.А. аттуу жашоочусунун үйүнөн Калашников үлгүсүндөгү автомат табылды. Иликтөөдө табылган курал 2010-жылы болуп өткөн Июнь окуясында уурдалып алынганы маалым болду. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.