Эртең, 22-декабрда өлкөнүн кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас облустарынын айрым райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…+15;
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…+15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -1…-6;
Бишкекте түнкүсүн 0…+2, күндүз +13…+15 градус жылуу болот.