Садыр Жапаров: "Элим деп кара башын канжыгага байлаган Жусуп Абдрахманов бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөдү"

Бүгүн, 21-декабрда президент Садыр Жапаров мамлекеттик ишмер, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Элим деп кара башын канжыгага байлаган Жусуп Абдрахманов бүгүнкү эгемендүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөдү.

Быйыл өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп, бир катар иш-чараларды өткөрүп, көз карандысыздыктын маани-маңызын, аны бизге тартуулап, мурас кылган ата-бабалардын басып өткөн байсалдуу жолун барктап, даңктоого аракет кылдык.

Мына ушундай ары узак, ары татаал жолду басып өтүп, мекенинин эгемендиги жана элинин эркиндиги үчүн каруусун казык, канын азык кылып, кийинки урпактарына керемет Кыргыз жерин мурастаган кадимки Манас, Барсбек баштаган бабаларыбыз болгон! Алардын аттары узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына кыйла белгилүү. Жаралгандан эле куюлуштура сүйлөгөн, уйкаштыра ыр айткан элибиз алардын басып өткөн нарктуу жолун даңазалап ырдап отуруп, каада-салт, үрп-адатыбызды, маданиятыбызды – жалпы эле жашоо философиябызды чагылдырган ааламда теңдеши жок “Манас” дастанын кошо таберик кылып тартуулаган экен.

Мына ошол ата-бабаларыбыздын ыйык табериги болуп саналган улуу баян жаңырып жатканда, Айкөл Манастын "Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым" деген сөздөрү ата-бабаларыбыздын мамлекет түптөөдөгү чеберчилиги, улут куроодогу тажрыйбасы гана эмес, биз үчүн айтылган керээз, бизге тагылган милдет, урпактардын алдына коюлган парздай сезилет. Байыркы бабалардын "бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө" деген урааны азыр дагы кыргыз аттуунун жүрөгүндө сыр болуп туюлуп, азыр дагы атуулдук аруу сезимди козгойт!

Мына ушундай мекенчил сезим канында ойногон Жусуп Абдрахманов атабыз өз кезинде бүткүл өмүрүн кыргыз улутун калыптандырып, мамлекет курууга арнаган тура. Жараткан Жусуп Абдрахмановдун маңдайына ушундай улуу вазыйпа менен кошо оор тагдырды дагы жазыптыр. Бирок кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууну эңсеген, тээ алысты мелжеген Жусуп тагдырдын татаал сыноосуна моюн сунуп калбай, баштаган жолунан тайбай, акыры өлүмгө да тике караган экен.

Жашы жыйырмадан жаңы ашкан курагында эле кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө белсене катышкан Жусуп Абдрахманов өз күндөлүгүндө “жазмыштын буйругу менен эң улуу тарыхый окуялардын күбөсү болуп калганын” терең канааттануу менен жазып, каниет айткан жери бар.

Ошону менен катар кезинде совет бийлигинин жол башчысы Ленин менен жолугушуп сүйлөшкөнү, батынып сүйлөмөк тургай, даап дартын айта албаган кадимки Сталиндин өзүнө эки жолу кат жазып, борбордук бийликтин туура эмес саясатын ачык айтканы Жусуп Абдрахмановдун көк жалдыгы эмей эмне!

Улуттук жетилүүнүн кайталангыс эволюциясына күбө болуп жатканына шыктанган, ошол эле кезде ошол окуялардын түздөн-түз катышуучусу, сүрөөнчүсү болгон Жусуп Абдрахманов ар бир көз ирмемди, ар бир күндү, ар бир окуяны көз жаздымда калтырбай тизмектеп, кагаз бетине түшүрүп калууга ашыкканы анын улуу ой-максаттарды көздөп жашаганын айгинелейт.

Жараткан ага советтик модернизацияны баштан кечирүү бактысын да буюрат. Бирок ал өкмөт башчылык кызмат жөн эле кызмат эмес, аны менен бирге чанда бир келчү тарыхый роль жүктөлгөнүн аңдап, Кыргыз мамлекетиндеги ири өзгөрүштөр, экономикалык долбоорлор үчүн жанын сабап күрөшөт. Ошону менен катар, кесепеттүү натыйжаларга алып келчү айрым жат көрүнүштөр акыры келип өз башына тиерин туюп, көрөгөчтүк менен кооптонуусун да айткан.

Жусуп Абдрахманов сындуу мамлекетти түптөгөн уулдары бар кыргыз эли бактылуу эл экенбиз.

Мезгилден учкул эмне бар! Бирок Жусуп Абдрахмановдой мамлекет түптөөчүлөрдүн өлбөс-өчпөс мурастары, мекенине кылган ак кызматы, мекенчил улуу касиеттери биз менен чогуу жашап, кийинки муундарга өмүр сүрүүнүн жана эли-жери үчүн кызмат кылуунун бийик үлгүсү бойдон кала бермекчи.

Кыргыз мамлекетин аздектеп, баркына жетүү үчүн анын өткөнүн биле жүрүү жана келечек муунга үйрөтүү - маанилүү мамлекеттик саясат. Алдыда Абдрахмановдун замандаштарынын, андан улуу жана кичүү муундун Кыргыз мамлекетин түптөөдөгү ролун изилдөөнүн үлкөн милдети турат. Минтип айтып жаткан себебим, кийинки 2022-жылы Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев сындуу кыргыз кыраандарынын Тоолуу Кыргыз облусун түзүү долбоорунун 100 жылдыгы белгиленмекчи. Бул иш-чараларды жакшы деңгээлде өткөрүп алалы деген ниетибиз бар.

Мына ушундай асыл максаттарга жетүү менен элибиздин ынтымагын түптөп, коомчулуктагы бөлүнүп-жарылууга жол бербейбиз! Ынтымак бар жерде ырыс бар!

Жусуп Абдрахмановдун жана анын санаалаштарынын бизге калтырган улуу мурасын аздектеп, сактайлы! Бекем ынтымак менен гүлдөгөн Кыргыз мамлекетин куралы", - деп жазылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан