Социалдык тармактарда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кеткендиги тууралуу маалыматтар айтылууда. Анда президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев парламенттин жаңы төрагасын "шайлоодо" пикир келишпестиктерге барышкандыгын белгилешкен.
SUPER.KG порталы президенттик администрациянын басма сөз кызматына байланышканда, бул маалымат калп экенин айтышты.
Ташиев 2020-жылдын 16-октябрынан тарта Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы кызматын аркалап келет.