Өлкөдө энергетикалык компаниялардын саны эки эсе кыскартылат, тагыраак айтканда 14 компаниядан 7 компания калат. Бул туурасында Улуттук энергетикалык холдингден кабарлашат.
"Энергосектордогу реформанын негизги максаттары болуп чыгымдарды оптималдаштыруу, жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоо саналат. Буга байланыштуу айрым компаниялар бириктирилет", - дешет холдингден.
* "Электр станциялары" менен "Бишкек жылуулук тармагы" компаниялары;
* "Кыргызстан улуттук электр тармагы" менен төрт бөлүштүрүүчү компания: "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалал-Абад электр" ишканалары. Бул компаниялардын биригүүсү эки этапта болот. Алгач "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" ишканалары биригип, андан кийин "Кыргызстан улуттук электр тармагы" менен биригет.
Реформа төмөнкүдөй натыйжаларды берет:
- башкаруу персоналынын ишин оптималдаштыруу;
- техникалык персоналдын ыкчам өз ара аракеттенүүсүн жогорулатуу;
- аймактык электр тармактарын өнүктүрүү;
- санариптештирүүнү өнүктүрүү (AMR жана биллинг системасы);
- энергетикалык компаниялардын ортосунда ресурстарды иррационалдуу кайра бөлүштүрүү;
- Жылуулук менен электр энергиясынын ортосундагы кайчылаш субсидиялоону кыскартуу;
- Сатып алуу иш-чараларын борборлоштуруунун эсебинен чыгымдардын кыскартуу.