Эне тилге эки мүнөт: "Куу такым", "Ат жалына казан асуу" фразеологизмдери кайсы учурда колдонулат?

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында "кызыл кекиртек", "куу такым" жана "ат жалына казан асуу" фразеологизмдеринин маанисин чечмелеп көрдүк. Бул фразеологизмдеринин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев түшүндүрүп берди.

Куу такым - өтө митаам, эч сөз өткөрбөгөн тапан. Мисалы: "Көрчү, куу такымды, шашпа, толорсугуңду кыйдырбасам элеби!".

Кызыл кекиртек - 1. Куру кыйкырыкты жакшы көргөн, жөнү жок жерден, орунсуз эле бир нерселерди талаша кызууланып сүйлөй берме. Мисалы: "Кээ бир кызыл кекиртек адамдар оозуңду ача электе эле айтышууга даяр болуп турат".

2. Алдым-жуттум, жегич-ичкич, жеп-ичкенди жакшы көргөн. Мисалы: "Менин чыгармамды жылдырсаң, сеникин учурабыз", - деп ачык соодалашкан кээ бир кызыл кекиртектер чыкты.

3. Ичип-жей турган тамак-аш деген мааниде. Мисалы: "Азыр эл кызыл кекиртектин гана айласын ойлоп калган".

Ат жалына казан асуу - Жол жүрүп бара жатканда ала жүргөн азыгынан ат үстүндө тамактануу, өзөк жалгоо. Мисалы: "Ат жалына казан ас, балам, - деди Жээренче чечен".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан