"Кызым тирүү, мен сезем". 7 жыл мурун төрөп, колуна ымыркайдын жансыз денесин алган эне окуясын айтты

SUPER.KG порталына Каракол шаарынын тургуну Салтанат Сабырбекова кайрылды. Айтымында, 2014-жылы Каракол шаарындагы төрөтканалардын биринен кесарево жолу менен эгиз төрөгөн. Дарыгерлер анын бири чарчап калды деп ымыркайдын жансыз денесин беришкен. Бирок эне буга ишенбейт.

"Мен намаз окуп жатканда мага өлдү делген ымыркайым тирүү деген аян келди", - дейт ал.

"2014-жылы 18-августта кесарево жолу менен эгиз төрөгөм. Операцияга эч ким катышкан эмес, жолдошумду дагы киргизбей коюшкан. Операциядан кийин жолдошума бир тирүү ымыркайыбызды жана ичинен эле өлүп калыптыр деп чарчап калган ымыркайдын жансыз денесин беришкен. Жолдошум операциянын алдында эле экөөнүн тең жүрөгү согуп жатканын айтса, мени төрөткөн дарыгер ымыркай бир жума мурун эле курсакта чарчап калган дептир. Негизинен төрөтүмө 2 дарыгер катышкан.

Төрөгөнгө чейин мен бир жума төрөтканада жаткам. Ал жерде балдарымдын жүрөгүнүн согуусу жакшы болчу. Жолдошум чарчап калган баланын жансыз денесин экспертизага бербептир. Ал эми жасалма кагаз менен экспертиза ымыркай башынын чоңдугунан өлгөн деп жазып коюптур. Жолдошум мага айтпай эле сөөктү жерге берген. Мага сөөктү жуугандар ымыркай аябай чоң болгонун айтышты. Негизи эгиздер анчалык чоң болбойт.

Кийинчерээк, балдардын кагазында экөө тең тирүү деп жүргөнүн дарыгерлерге алып барсам алар туура эмес жазылып калганын айтып, моюнуна албай коюшту. Андан кийин чарчап калган баланын ДНКсын Алматы шаарынан эки жолу текшерттик. Анда жолдошумдуку 100 пайыз туура эмес болуп, меники 33 пайыз дал келген.

Мага өлгөн баланын ДНКсын текшерт деп аян келген. Ага чейин оюма деле келбептир.

Мени төрөткөн дарыгердин иниси башкы тергөө бөлүмүндө иштейт экен. Көпчүлүк бизге эч нерсе кыла албайсыңар го деп айтышты. Бирок аян келип жаткандан кийин аракетибизди токтоткон жокпуз.

Мен Покровка айылында эки жыл мугалим болуп иштегем. Ошол убакта окуучулардын бири айылдагы "Бакыт" деген дүкөндүн жанынан кызыңызды көрдүм деп келди. Колумдагы кызым экөөбүз ал жакка такыр барган эмеспиз. Мен дароо эгизимдин түгөйүн айтып жатканын билдим. Анан интернетке берейин десем туугандарым азыр баары окшош болот деп болбой коюшту.

Бул колумдагы кызым. Эгизи ушул эле кызыма окшош дешетБыйыл, 2021-жылы 31-августта туугандарым эгиздин түгөйүн сейил бактан көрдүк деп айтышты. Андан 10 күн өтпөй эле Караколдун облустук ооруканасынан көрдүм деп дагы чогуу иштешкен кыз айтты.

Анан жаным жай албай президентке, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылдым. Ташиев бул ишти УКМКнын Караколдогу башкармалыгына тапшырыптыр. 15-декабрда мага чалышты, мен барып суроолоруна жооп бердим. Андан бери эч нерсе боло элек. 4-декабрда тааныштарым авто бекеттен кызыңызды көрдүк деп төртүнчү жолу айтышты.

Эми болгон үмүтүм УКМК кызматкерлеринде болуп жатат. Күйөөм кызым 2ге чыкканда эле каза болуп калган", - деди Салтанат Сабырбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aimani
2021-12-22 09:41:05
Азыр врачтардан баарын күтүүгө болот. Эми буюрса табылып калаар,эгер чын болсо. Ошол Караколдун тегерегинде болсо классташтар,кошуналары,мугалимдери ,бири болбосо бири кабарын айтаар. Негизи эненин жүрөгү сезет да. Ал кыз эми табылса өзү чечет сизге барабы же баккан энеси менен калабы. Бирок врачтар жана багып алган адам сот жообуна тартылыш керек.
+3
Gulina00
2021-12-22 09:59:12
Чын болсо врачтар жазасын алсын,баланы кантип алмаштырып коюшат.
+3
Zhainash
2021-12-22 10:13:45
Азыркы врачтар акча учун эмнелерди гана кылышпайт.Уят намыс деген нерсе жок аларда.Бир кун кылгандары учун жооп бере турган кун да келет.Энеге эле кыйын табылып калса экен эртерээк
0
nazira...
2021-12-22 18:35:36
Zhainash,ообо, мындайларды көп угабыз бирок ачыкка чыкпаган эле, эми түгөйү табылып калса врачтарга сабак болот эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан