Бишкекте батирден жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 11-кичи районунда жайгашкан үйдүн эшиги ачылбай, бекилип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Куткаруучулар барган учурда батирдин ичинен 93 жаштагы Е.С. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Эшик ачууга Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.