Бишкекте тепловоз сүзүп кеткен жарандын 2 айдан бери жакындары табылбай жатат. Милиция жардам сурайт (абайлаңыз сүрөт)

2021-жылдын 11-октябрында саат 23:40тар чамасында Кулиев-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан темир жолдо тепловоз 25-30 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү адамды сүзүп кеткен.

Бул фактыны Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы РИИБге каттаган. Ошол убакыттан бери каза болгон жарандын жакындары табылбай жатат.

Белгилери: бою 165-170 см, орто дене түзүлүштө, мурду түз, бети сүйрү, чачы кара кыска, үстүнкү жана астыңкы жаагындагы тиштери өзүнчө.

Кийген кийимдери: жеңи кара боз күрмө, кочкул көк түстөгү футболка, кара шым, кара боз байпак, бутунда гөлөш болгон.

Сүрөттөгү адам тууралуу маалыматы барлар төмөнкү телефондор аркылуу кабарласа болот: 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0 (551) 088- 330 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан