Мурат Байдылдаев айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды (өмүр баяны)

Мурат Байдылдаев айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Байдылдаев Мурат Курманбекович 1965-жылдын 21-сентябрында Чүй облусунун Калинин айылында туулган. Жогорку билимдүү.

1982-1988-жылдарда К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун инженер-гидротехник адистиги боюнча аяктаган, эмгек жолун 1988-жылы Жданов атындагы колхоздо гидротехник болуп иштеп баштаган.

1997-жылы Ысык-Ата районунун айыл чарба башкармалыгында башкы агроном.

1998-жылдын май-ноябрь айларында Кант райондук мамлекеттик администрациянын агрардык жана жерди реформалоо борборунун директору.

2005-2007-жылдары Ысык-Ата районунун агрардык өнүктүрүү департаментинин башкы адиси.

2007-2017-жылдары Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы.

2017-2021-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан