16-ноябрь күнү ырчы, музыкант, композитор жана “Ансамбль “Мурас” коомдук фондунун жетекчиси Актан Исабаев белгилүү ырчы Ми Та Рёнун чакыруусу менен Японияга жөнөп кетти. Ырчынын Японияга болгон сапарынын негизги максаты - бирге иштешүү маселесин талкуулоо.
Ошондой эле ырчы мырза ал өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигинде чыгармачылыгын көрсөтөт. Маалыматтарга караганда, ал жакка бир катар элчиликтин өкүлдөрү, саясатчы, ишкерлер катышат.
Эске сала кетсек, 2013-жылдын жайында Ми Та Рё эл аралык "Кийиз дүйнө" фестивалына катышкан. Андан соң ал Актан Исабаевге биргелешип иштешүү сунушун киргизген.