Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун жээгиндеги чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 61-чакырымында аянты болжол менен 5 гектарга жакын бак-дарак жана куураган чөп күйүп жатат. Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылды. Өрт саат 19:46да чектөөгө алынды. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.