Токтогул суу сактагычында суу сутка ичинде 18 миллион метр кубга азайды

21-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 465 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Бүгүн, 21-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 493 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 182 метр куб, агып чыгышы 502 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

Былтыр, 2020-жылдын 20-декабрында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 777 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан