Москвада Олимпиада чемпионун катуу сабап кетишти

Муз үстүндө бийлөө боюнча Олимпиада чемпиону Дмитрий Соловьев катуу сабалган абалда Москва шаарындагы ооруканага түштү. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, спортчу аялын коргойм деп жатып токмоктолгон. Аны үч киши сабаган. Азыр Олимпиада чемпиону Боткин ооруканасында жатат. Аны сабаган үч жаран тең кармалган.

Соловьев Екатерина Боброва менен дуэт болуп, муз үстүндө бийлөөнү аткарат. Спорттук түгөйлөр командалык мелдеште 2014-жылкы Олимпиаданын алтын жана 2018-жылкы Олимпиаданын күмүш медалын жеңип алышкан. Алар ошондой эле 2013-жылы Европанын чемпиону, 2011, 2012 жана 2018-жылдардагы Европа чемпиондугунун үч жолку күмүш медалынын ээси жана Орусиянын жети жолку чемпиону.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан