Сокулук районунда бирөөнүн жер тилкесин ээлеп алуу жана алдамчылык фактыларына шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-ноябрь күнү Сокулук РИИБине жаран арыз менен кайрылып, бейтааныш аял башка адамдардын ишенимине кирип, Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы арыздануучуга таандык жер тилкесин мыйзамсыз сатып жибергенин билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1976-жылы туулган К.Ы. аттуу аял кармалган.
Териштирүү учурунда кармалган аял 2014-жылдан тарта бир топ жаран менен биргелешип, бирөөнүн 5,4 гектар жер тилкесин айыл чарба багытындагы жер экенин билип туруп, мыйзамсыз 2 гектар жерин башка жарандарга курулуш куруу максатында сатып жибергени маалым болгон. Көз карандысыз эксперттер тарабынан жабырлануучуга келтирилген материалдык чыгым 40 миллион сомдон ашык бааланган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин алкагында шектүү аял ушул жылдын сентябрь айында жогорудагы контурдан башка бирөөгө таандык 0,4 сотых жер тилкесин мыйзамсыз башка бирөөгө сатып жибергени аныкталган.
Келтирилген материалдык чыгым 200 миң сомго бааланган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.