Бишкекте айрым маршруттук каттамдардын жүрүү схемалары өзгөртүлдү

"Шаардык транспорт башкармалыгында коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жума сайын өткөрүлгөн жыйынында бир топ маселелер каралып, жыйынтыгында кээ бир шаардык маршруттук каттамдардын жүрүү схемалары өзгөртүлдү", - деп билдиришти Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, комиссия шаардык каттамдарды ачуу, жабуу жана өзгөртүү маселелерин объективдүү карап, негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.

Маалыматка ылайык, Гагарин, Шота Руставели, Жаманбаев жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрү боюнча жүргөн №106 маршруттук каттамдардын жүрүү схемаларын жарым-жартылай өзгөртүү чечими кабыл алынды. Ал эми №169 маршруттук каттам Жаңы Доор көчөсүнө чейин узартылып, калган схемалар өзгөрүүсүз калтырылган.

Мындан тышкары Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы тейлеген №9 автобустук каттам 20-декабрдан тарта Асанбай-Тынчтык жаңы конушуна ЭКО жүргүнчү транспортунун ЖЧКсына жана №167 маршруттук каттам да Экпресс-Профи ЖЧКсына бекитилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан