Сокулукта тургундардын чогулткан акчасын максатсыз пайдаланганга шектүү аял кармалды

Сокулук районунда жашоочулардын чогулткан акча каражаттарын максатсыз коротконго шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-декабрь күнү Сокулук РИИБине 1980-жылы туулган М.А. аттуу аял арыз менен кайрылып, Ала-Тоо-3 жаңы конушунун мурунку квартал башчысы электр энергиясын киргизүү үчүн андан 25 миң сом алып, убадасын аткарбай, акчаны өзүнүн керектөөлөрүнө коротуп салганын билдирген.

"Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1969-жылы туулган К.К. аттуу аял кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган аял жогорудагыдай 40тан ашуун фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган. Анда шектүү аял жергиликтүү жашоочуларга электр энергиясын тартып келүүнү убада кылып акча каражаттарын чогултуп, кийин каражаттарды өзүнүн керектөөлөрүнө короткону маалым болгон.

Кармалган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erkegenje
2021-12-22 12:48:56
Милиондорду жегендерди да ушинтип чыгаргылада анан уй камака чыкты оруп калды дебей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан