Депутат Евгения Строкова Бакытбек Жетигенов боюнча комиссиянын корутундусуна добуш берүүдө эл өкүлдөрүн залдан чыкпай турууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Депутаттарды залдан чыкпай турууга чакырам. Коркпой комиссиянын корутундусуна добуш берели", - деди ал.
Учурда депутат Айсулуу Мамашова Бакытбек Жетигенов боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун окуп жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет депутат Бакытбек Жетигеновду “бийликти курал колдонуп, күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен кармаган.