Ак Үйдүн жанында Бакытбек Жетигеновдун тарапташтары митингге чыгышты

Ак Үйдүн алдында депутат Бакытбек Жетигеновдун тарапташтары митингге чыгышты. Алар Бакытбек Жетигеновду боштондукка чыгаруу талабы менен чыгышкан.

Нааразычылык акциясына чыккандар "Элди экиге бөлбөгүлө", "Эл өкүлү Жетигеновго боштондук", "Мыйзам баарына бирдей" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Маалымат үчүн:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет депутат Бакытбек Жетигеновду "бийликти курал колдонуп, күч менен басып алууга даярдык көрүү" деген айып менен кармаган. Андан соң "бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренелери боюнча сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган.

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңеште Бакытбек Жетигенов боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан