Бактыбек Калмаматов 8 сааттан бери УКМКда сурак берүүдө

Бактыбек Калмаматов УКМКда сурак берүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG`ге саясатчынын жактоочусу Айым Камчыбекова билдирди.

Анын айтымында Калмаматов түнкү саат экиден бери сурак берүүдө. Арадан сегиз жарым саат өткөнүнө карабастан дале сурактан чыга элек.

"Түндө кичи ажылыкка бара жаткан жеринен аэропорттон алып кетишти. Ал башка саясатчылар Ахматбек Келдибеков, Мыктыбек Арстанбек менен чогуу бара жаткан. Башкаларды өткөрүп, Бакытбек Калмаматовду алып калышты. Аны күбө катары чакыруу кагазын берип, УКМКнын кызматкерлери алып кетишкен. Түнкү саат экиден бери сурак берүүдө. Сегиз сааттан ашык суракка алууга мыйзам жол бербейт, бирок сегиз сааттан ашканына карабастан деле сурактан чыга элек”, - деди жактоочу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aliya-leyla
2021-12-22 12:10:35
Аэропорттон кармаганды мода кылып алышты го, ал жактан кайтпай тургансып
+1
mirlanpiter
2021-12-22 17:22:35
Балакай кызуу кандуулукка алдырып ашыкча сүйлөп алганын эми мойнуна алып чыгат..
+1
Baatirbek81
2021-12-22 19:10:23
Тилин бираз кыскартыш керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан