Айгүл Жапарова Панфилов мектеп-интернатынын балдарын Жаңы жылы менен куттуктап келди

Биринчи айым Айгүл Жапарова "Үмүт булагы" коомдук фонду менен К.Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын балдарын жана мугалимдерин Жаңы жылга карата куттукташты. Бул тууралуу фонддун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланган.
"Келе жаткан Жаңы жылга карата "Үмүт булагы" коомдук фонду жана анын директору Айгүл Жапарова К.Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын балдарын жана мугалимдерин куттукташты.
Фонд Жаңы жылдык белектерди, кеңсе буюмдарды, жылуу жууркандарды, китептерди жана башка керектүү буюмдарды интернатка тапшырды.
Келе жаткан жылда балдарга чың ден соолук жана окуудагы ийгиликтерди каалайбыз", - деп жазылган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан