Томолой жетим бала жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген эки жаран жер тилкеге ээ болушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын бузулушу аныкталган. Анда А.Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын жашоочусу Р.К. аттуу жаран Арал участкасындагы 0,18 сотых муниципалдык жер аянтын мыйзамсыз тосуп алып, жеке максатта пайдаланып жүргөн.
Бул мыйзам бузуу боюнча райондук прокуратура тарабынан айыл өкмөт башчынын наамына прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, анын негизинде жогоруда аталган жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кабыл алынган. Ошондой эле көзөмөл органы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарга жана томолой жетим балдарга турак жай куруу үчүн жогорудагы 0,18 сотых жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө талап келтирген. Талапты кароонун жыйынтыгы менен А.Суеркулов айыл өкмөтү тарабынан томолой жетим балага 0,09 сотых жана 1-топтогу майып жаранга 0,09 сотых жер тилкелери бөлүнүп, аларга менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилген.