Сокулук районунун Кашка-Баш айылында 21-декабрга караган түнү унаа жылкыны сүзүп кеткен деген видео Телеграмдагы "Короче" каналына жарыяланган.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа жылкыны сүзүп кеткен. Жылкы айнекти жарып, унаанын ичине кирип кеткен.
"Билдирүү келип түшөөрү менен ыкчам топ окуя болгон жерге барганда унаа дагы, жылкы дагы жок болгон", - деп билдирди Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан.