5-ноябрда Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн уурдалган ымыркай 1500 долларга бааланганын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-ноябрда билдирди.
Ал окуя мындай болгон:
2013-жылдын 23-октябрында Мекенова Нуржанга (баланы үйүнө катып жаткан аял) Мамырканова Шарапат аттуу айым телефон чалган. Ал өзүн Шаардык перинаталдык борбордун ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө дарыгер болуп иштээрин айтып, атын Эльмира деп тааныштырып, Нуржанды төрөт үйүнө чакырган.
Жолугушууда Мекенова Нуржан багып ала турган наристе бар экенин кабарлап, баланы 1500 АКШ долларына баалаган. Ал эми Нуржан Мекенова 1000 АКШ доллар берерин айтып, экөө соодалашып, Мамырканова Шарапат Нуржан сунуштаган суммага макул болгон.
Баланы уурдоо үчүн Мамырканова Нуржан Мекеновага "Шаардык перинаталдык борбордун гинекология бөлүмүнө дарыланган адам болуп жатышың керек" деп сунуштаган.
29-октябрь күнү Мекенова Нуржан №15-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан жолдомо алып, Бишкек шаардык перинаталдык борборуна жаткырылат.
5-ноябрь күнү саат 10:00дө Мекенова Нуржан аталган борбордон чыгат. Ал эми саат 17 чамасында жаңы төрөлгөн ымыркайды ара төрөлгөн балдар бөлүмүнөн Мамырканова Шарапат Мекенова Нуржанга алып чыгып берет. Наристени Мекенова Нуржан (Асанбай кичи районундагы №4-көп кабаттуу үйдүн 52-батирине) апасынын үйүнө алып барат.
12-ноябрь күнү менчик бейтапкананын дарыгери Алиева Бегайым Мекенова Нуржанга “Мекенова Нуржан 2013-жылдын 8-ноябрында кечки 18:30да салмагы 2 килограмм 800 грамм, бою 49 сантиметр кыз төрөгөн” деп аныктама жазып берет.
2013-жылдын 13-ноябрында Мекенова
Нуржан аныктаманы Октябрь районунун нике каттоо бөлүмүнө көрсөтүп, ымыркайга “Каныбекова Каныкей Бакытовна 2013-жылдын 6-ноябрында төрөлгөн” деп туулгандыгы тууралуу күбөлүк алган.