Бүгүн, 22-декабрь күнү Баткен ОИИБине ички иштер министринин биринчи орун басары Октябрь Урмамбетов барды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Кызматкерлерди келе жаткан Жаңы жылдык майрамы менен куттуктап, материалдык-техникалык базаны чыңдоо максатында техникаларды тапшырды. Баткен ОИИБинин башчысы Мурат Боронов менен биргеликте кызматкерлердин кийген кышкы кийимдеринин абалын текшерип, майрам күндөрү жарандардын коопсуздугун сактоодо коомдук тартипти көзөмөлдөөдө ИИОнун кызматкерлери 28-декабрдан баштап жогорулатылган күжүрмөн даярдыкта кызмат өтөөсү белгиленди.
Мындан сырткары Кызыл-Кыя, Баткен, Сүлүктү шаардык, Кадамжай, Баткен, Лейлек райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары Баткен ОИИБинин бөлүм башчыларына жыйналыш өткөрүп, бир катар тапшырмаларды койду", - деп жазылат маалыматта.