Мьянманын Качин штатындагы Пхакан шаарчасынын аймагындагы нефрит (баалуу таш) чыгарган шахта урап 100дөн ашуун адамды басып калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 100гө жакын адам дайынсыз жоголуп, 113 адам каза тапкан. Азыркы тапта урандыда калган адамдарды издөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.