"10 кой жана бирден жылкы". Өлкө башчы Алайдагы памирлик кыргыздарга жардам көрсөттү

Памирлик кыргыздарга президенттин атынан эмгек министри Кудайберген Базарбаев материалдык жардам берди. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Анда министр бүгүн, 22-декабрда президент Садыр Жапаровдун атынан Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган памирлик кыргыздар менен жолугушкан.

"Памирлик кыргыздарга 2017-жылы республикалык бюджеттен көчүп келген учурдан баштап, демөөрчүлөрдүн эсебинен да жардам көрсөтүлүүдө. Талды-Суу айылына республикалык бюджеттин эсебинен 20 миллион сом бөлүнүп берилген.

Мамлекет башчысы ар бир үй-бүлөгө 10 кой, бир музоо жана бир жылкы бөлүп берди. Жергиликтүү бийлик мал багуучу сарайларды куруп, жалпы суммасы 850 миң сомго тоют сатып алып, азык-түлүк жана көмүр менен камсыздайт. Алай районунда жашаган 38 балага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жөлөк пул, ал эми 2 жаранга карылыгы боюнча пенсия дайындалат. 41 бала мектепте окуп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Кудайберген Базарбаев ар бир үй-бүлөгө 160 килограммдык ун, 55 килограмм макарон, 53 килограмм кант, 12 литр өсүмдүк майын, 3 килограмм күрүч жана чай, ошондой эле кышкы күрмө жана балдардын бут кийимин тапшырды. Бул иш-чарага Алай районунун жергиликтүү бийлик органдарынын жана социалдык блогунун кызматкерлеринин өкүлдөрү катышты.

Бактыбек Калмаматов камакка алынды, себеби эмнеде?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jelezo
2021-12-22 15:23:32
Топоз алып бергиле булар топоз бакканды жакшы билишет.
+2
BISHKEK-312
2021-12-22 15:24:33
Кана кой, жылкынын сүрөттөрү?
+4
ErkinOkenovich
2021-12-22 23:33:00
Таззале комиссия болуп алгансынарго.озунор пендечиликте адамдарга жардам кылып койгонсунарбы?диванный эксперт болбой к@т¥норду кысып нормально жазгыла жазсанар.жакшы соз жазалбайсынарбы бок мурдунарды тыкпагыла.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан