Жолдо унаасын айдап бараткан Кыргыз жаранын тажик чек арачылары атып, качып кеткендиги айтылды. Бул тууралуу видео социалдык тармакка тарады.
Анда 21-декабрь күнү саат 15:00 чамасында үч тажик аскер кызматкери жолдо унаасы менен бара жаткан Кыргыз жаранын жарадар кылып, качып кетишкен. Окуя Баткендеги Максат айылында болгондугу айтылган.
Жергиликтүү тургундар окуя боюнча SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Максат менен Жаштык айылынын ортосунда бензин ташыган айдоочу эгинге суу коюп жаткан учурда тажиктер чыгып келип ок чыгарышкан. Айдоочу чечиле элек жерден суу алган экен", - дешти жергиликтүү тургундар.
Ал эми чек ара кызматына байланышка чыгуу мүмкүн болбой жатат.