Бишкекте "Жайшуль Махди" террордук топтун лидери делген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аны милиция менен УКМКнын кызматкерлери биргеликте колго түшүргөн. Шектүүнүн үйүнөн Калашников кол пулемёту жана патрону жок магазин табылган.
"Шектүү милиция бөлүмүнө жеткирилип, куралы соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү", - деп жазылат маалыматта.